http://www.ktrk.kg/Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эстеликтерге гүлчамбар койду

Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эстеликтерге гүлчамбар койду

7 Нояб , 12:17 449

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде ата-бабаларга жана комплекске коюлган мекендештерге арнап куран окуп, эстеликтерге гүлчамбар коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду. "Бүгүн биз чогулган «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде, алгач «эл душманы» деген айып менен атууга кеткен кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдарынын, тунгуч агартуучуларынын, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандардын сөөктөрү коюлган. 

2010-жылы комплекстин аймагына Апрель элдик революциясынын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналып мемориал курулган. Алар өлкөбүздү авторитардык бийликтен коргоп, Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө кеңири жол ачышты. Ал эми 2016-жылы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, атайын мемориалдык комплекс ачылган. Азыр "Ата-Бейит" комплекси өмүрү, каны менен тарыхты жараткан кыраандар жаткан, Кыргызстандагы эч ким кыя өтө алгыс ыйык, зыярат кылчу жай болуп калды", - деп айтылат өлкө башчынын кайрылуусунда.

Новости по дате