http://www.ktrk.kg/Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттер арасында кароо-сынак өттү

Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттер арасында кароо-сынак өттү

7 Нояб , 14:14 1182

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

7-Ноябрь - маалымат жана басма сөз күнүнө карата Жалал-Абад шаарында журналисттер арасында кароо-сынак өттү. “Журналисттер маалымат алууну жана таркатууну эле эмес, ыр саптарын да келиштире аткара билет” деп аталган иш-чарада журналисттер обон созуп, талантын тартуулашты. Андан сырткары, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата улуу жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндү көрсөтүп, монолог окуп беришти. Кароо-сынакка массалык маалымат каражатынын өкүлдөрүнөн куралган 11 команда катышты. Журналистердин талантына калыстар тобу көз салды. Байге фондуна 100 миң сом каралып, ал каражат өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан бөлүндү.

“Биз дайым эле маалымат айдыңында болуп, көп нерседен алыстап калат экенбиз. Бүгүн жакшы иш-чара уюштурулуптур. Буга катышып, өзбүздү ар тараптан сынап жатабыз”,- деди  кабарчы Айпери Абдасбекова.

“Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси болуп жатат. Ошого журналисттер да өз салымыбызды колошу деп чечтик. Эң негизигиси Жалал-Аба облусундагы бардык массалык маалымат каражатынын өкүлдөрүн бир сахнага топтодук”,- деп билдирди Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абад бөлүмүндөгү төрагасы Руслан Калматов.

Новости по дате