http://www.ktrk.kg/3 жаштагы Элхан сиздин жардамыңызга муктаж

3 жаштагы Элхан сиздин жардамыңызга муктаж

8 Нояб , 1:14 853

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

6 ай кезинде 3 жаштагы Элхан Садыровго ак халатчандар дүйнөдө сейрек кездешүүчү паллистера-киллиана синдрому дартын коюшкан. 

Тагыраагы бала акыл-эси өөрчүбөй, булчуңдары бош болуп, көрүүсү менен угуусу начар. Перзентинин дартын билүү үчүн ата-энеси алгач Алматы шаарына барган.

Дарыгерлер бул дартты аныктаган соң жакасын кармап отуруп калышты. Көрсө борбор азияда мындай оору катталбаптыр.

Дарылануунун ар бири 175 000 рублдан. Эмки дарылануу курсу февраль айына белгиленген. Өздөрүндө болгон каражаттын баарын короткон соң, кайдыгер карабаган жарандардан жардам сурап кайрылууга аргасыз.

0772002015 номерине элсом аркылуу акча салып, аны elimbar.kg сайтынан карап турсаңыз болот.

Эгер сиз бирөөнүн жардамына муктаж болбосоңуз анда сизде бирөөгө жардам бере турганчалык абалдасыз. Андыктан көп түкүрсө көл болот дегендей муктаждарга чогуу жардам берели.


Новости по дате