http://www.ktrk.kg/Астанада жамааттык коопсуздук маселелери талкууланат

Астанада жамааттык коопсуздук маселелери талкууланат

8 Нояб , 12:58 186

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Астанада 8-ноябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Белгилүү болгондой, мамлекет башчылары бир катар маселелерди тар курамда талкуулашат. Сессияга Армениянын атынан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян катышат. Учурда ЖККУга Казакстан төрагалык кылууда. 2018-2019-жылдарга карата төрагалык Кыргызстанга өтүп жатканын эске алып, президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кыла турчу кезектеги сессиялар аралык мезгилге болгон өлкөнүн артыкчылыктарын жарыялайт. 

Сессиянын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө мамлекет башчылары, эл аралык террористтик уюмдардын таламын талашып, куралдуу чыр-чатактарга катышкан адамдарга карата, биргелешкен иш-чараларды көрүү боюнча билдирүүнү кабыл алышат. Ошондой эле, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыгында координацияланган маалыматтык саясатты өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планына жана 2025-жылга чейин мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык системаны өркүндөтүү боюнча планга кол коюлат.

Ошондой эле, Астанада Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппараты менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эки тараптуу консультативдик жолугушуусу болду. Казакстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Габит Байжанов бул жолугушууну өткөрүү боюнча биргелешкен демилге үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анда баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана транс чек аралык кылмыштарга каршы күрөшүү, диний экстремизмге жана терроризмге жол бербөө, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу маселелери талкууланды. 

Андан тышкары, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы чаралар жөнүндө сөз болду. Тараптар эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун бардык багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгына токтолушту. Кийинки жолугушуу 2019-жылы Кыргызстанда өтөт.

Новости по дате