http://www.ktrk.kg/Бишкекте "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтөт

Бишкекте "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтөт

10 Нояб , 11:41 570

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

12-17-ноябрь күндөрү "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык драма театры кабарлады. Фестивалдын ачылышы 12-ноябрь күнү, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 11.00дө башталат. 

Фестивалдын катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, кызыл килемден басып өтөт. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди Кыргызстандын бардык театрларынын жана Казакстан, Россия, Тажикстан, Азербайжандын театр актёрлору көрсөтөт.


Новости по дате