http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленди

Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленди

12 Нояб , 11:36 884

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

7-ноябрда Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү да белгиленди. Бул күнү өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, журналисттердин жоопкерчилиги жана Кыргызстандагы маалымат жана басма сөз эркиндигине карата өлкө жетекчилигинин мамилеси тууралуу көптөгөн маселелер талкууга алынды.

Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы деп айтылып келет. Өлкөдө ар бир адам өз оюн ачык айтууга, бийликке сын пикир айтып, жарандардын өз укугун коргоого бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Эркин мамлекеттин дагы бир көрсөткүчү бул өлкөдөгү сөз эркиндигин деңгээли. Айтмакчы сөз эркиндиги Кыргызстанда ар убак ар кандай абалда болуп келген. Маселен мындан бир жыл мурун эле мурдагы бийлик тарабынан бир катар маалымдоо каражаттарына миллиондогон сомдорго доо арыздар коюлуп, сот отурумдары кызып турган кез эле. 

Демократия, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы деген сөздөр мамлекет дээрлик эгемендик алгандан бери эриш аркак келе жатат. Кыргызстан чынында мындай баалуулуктары менен Борбор Азияда лидер боло алганын дүйнө коомчулугу айтып, анын далили өлкө ар убак көз карандысыз кабарчылардын, оппозициялык маанайдагы маалымдоо каражаттарынын көптүгү менен айырмаланып келген. 

Бирок, акыркы чейрек кылым аралыгында Кыргызстандагы сөз эркиндигин муунткан, аларга кысым күчөгөн учурлар көп эле жолу катталды. Алыс барбай мындан эки жыл мурун башталган окуяларды эле эске салсак, 2017-жылы жаз айларында бийлик тарабынан Заноза кж маалымат агенттигине, анын кызматкерлерине жана бир катар жактоочуларга президенттин аброюна шек келтирди деген кине менен сотко жалпы жону 40 млн сомго эсептелген доо арыз берилген. 

Маалымат агенттиктерине жана кабарчыларга карата доо арыз берүүдө башкы прокуратура “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” мыйзамдын 4-беренесине таянган. Бул иштерде эч кандай териштирүү жана тергөө амалдары, же кандайдыр бир эскертүү иш-чаралары жасалбай, дароо эле эң жогорку чара- соттук кароо башталган жана ишти караган судьялар башкы көзөмөл органынын доо арызын канааттандырып берген. 

Басма сөзгө жасалган басым муну менен гана токтоп калган жок. Дагы 20 млн сомго бааланган доо арыз 2017-жылы Азаттык үналгысына карата берилген. айыптоочу тарап анда басылма мамлекет башчысы жөнүндө «жалган» маалымат таратты деген жүйөнү келтирген. Соттук териштирүүгө оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйыны тууралуу жана депутат Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барганы тууралуу «Азаттыкта» жарыяланган материалдар негиз болгон. Бул соттошуулар да өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына терс таасирин тийгизбей койгон жок. 

Убагында чуулгандуу кылмыш иштеринин башкы каармандарынын бири болгон журналист Нарын Айып “Вечерний Бишкек” гезитин басып алуудагы жагдайларды да ачыктап берди. Сот аркылуу Александр Кимден гезитти тартып алып гана тим болбостон, бийлик аны түрмөгө отургузууга кызыкдар болгон дейт журналист. 

Жаңы жылдан тарта “Вечерний Бишкек” баштаган бир катар доо арыздар боюнча чечимдер кайра каралып, айрымдары жокко чыгарылды. Конституциялык палатанын дагы бир чечимине ылайык, эми башкы прокуратура президенттин ар намысын өзүнүн макулдугу менен гана коргой алат. Эл өкүлдөрү азыр өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын мурдагыга салыштырмалуу жакшы деп баалашууда. 

Абалдын жакшырышына түрткү болгон дагы бир жагдай, президент Сооронбай Жээнбеков жыл башында 24кж агенттигине жана анын баяндамачысы Кабай Карабековго карата коюлган 5 млн сомдук материалдык компенсациядан баш тартканы болду. Соттун чечими менен аларга президенттикке талапкер тууралуу бир жактуу макала жарыялаган деген айып коюлуп, материалдык доого жыккан. Кийин өлкө башчысы бул арызды чакыртып алып, маселеге чекит коюлган. Журналисттер азыркы учурда кандай гана маанидеги макала болбосун, коомчулукка жеткирүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин белгилешет. 

Атамбаевдин жалпы башкаруусу учурунда ал бизди жалган маалымат таратып жаткан, уят сыйытсыз, ишин билбеген, биз аны каралоо үчүн гана иштеп жаткан кабарчылар катары көрсөткүсү келген. Бирок чын чынына келгенде көз карандысыз журналистика бул убакта өтө чоң иштерди жасады, ири коррупциялык схемалар ачылды. Биз ал маалыматтарды жарыялап, президенттен жана анын тегерегиндегилерден мунун баары жалган деген гана сөздөрдү угуп жаттык. Азыр болсо бардыгы ачыкка чыкты, көптөгөн кылмыш иштери козголду. Канча адамдын түрмөдө отурганы эле биз айткандардын бардыгы чындык болгонун далилдеди. Андыктан бул жыл журналисттер үчүн, айрыкча көз карандысыз журналистика үчүн ийгиликтүү болду. 

Учурда жалпы эле маалымат каражаттарынын арасында атаандаштык күчөдү. Маалымат агенттиктери, радио, гезит журналдар, жеке телеканалдар ондоп ачылып, ар биринин жеке редакциялык саясаты бар. Адистер мындай шартта обьектвидүүлүк, журналисттердин жоопкерчилик маселесин да кошо ала жүрүү керек дешет. 

Аймакта эркин, демократиялык өлкө болуп кала беребиз. Маалымат каражаттарынын ачыктыгы да, эркиндиги да сакталат. Негизи басылмаларга каршы сот процесстеринин өзү эле, ал кандай гана түрдө болбосун ЖМКга кысым болуп эсептелет. Андыктан мындай тажрыйбадан качып жатканыбыз жакшы жышаан. Мурдагы окуяларга эми кайтып келбейбиз деген ишенимим бар.
Андыктан азыркы учурдун негизги талабы- сөз эркиндигинин абалына аяр мамлие жасап, анын деңгээлин жогорулатуу багытындагы аракеттере басым жасоо.

 

Новости по дате