http://www.ktrk.kg/Өлкө аймагындагы ашууларда абал туруктуу

Өлкө аймагындагы ашууларда абал туруктуу

12 Нояб 2018 , 7:13 547

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө карабастан өлкө аймагындагы ашуулардагы абал туруктуу. Тазалоо иштери убагында жүргүзүлүп жатканын Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Учурда Төө-Ашууда жол тазаланып, кум себилүүдө. 

Мында чиркегичи бар оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Ал эми жеңил унаалар үчүн жол ачык. Ошондой эле, Өтмөк, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында да жол тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, бул ашууларда куткаруучулар, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. 

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, ушул жылдын 1-октябрынан баштап Сосновка, Чычкан жана Кара-Көл өтмөктөрүндө унаалардын кышкы дөңгөлөгү, жүк ташуучу транспорттун чынжырлары текшерилүүдө. Талапка жооп бербегендери кайра артка кайтарылат.


Новости по дате