http://www.ktrk.kg/“Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимге кол коюлду

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимге кол коюлду

12 Нояб 2018 , 5:52 542

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маалымат технологиялары жана байланыш комитети менен Орусиялык “Вега” радиоуктуруу концерни компаниясы ортосунда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык эми долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп баштайт. 

Белгилей кетсек, сынактык шартына ылайык Мамлекеттик комитеттин депозиттик эсебине келишимди аткарууга кепилдик катары, россиялык компания тарабынан 3 млн доллардан ашык каражат которулду. Эми келишимдин шарты боюнча долбоор бардык жумуштарды 180 күндүн ичинде ишке ашырып бүтүшү керек.

“Тактап айтканда кээ бир долбоорлор 90 күндүн ичинде ишке киргизилсе, калгандары 180 күндүн ичинде ишке ашат. Белгилей кетчү нерсе, бул жерде көп нерсе биздин мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтерден көз каранды”,- деди Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев.



Новости по дате