http://www.ktrk.kg/Жалал-Абадда журналисттин бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда журналисттин бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду

12 Нояб 2018 , 5:53 809

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абадда журналисттин бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу негизинде) факт боюнча козголду. Мунун алдында жабыркаган журналист Санрабия Сатыбалдиева милицияга арыз жазгандан баш тартканын, дарыгерлер жараат алган колун тигип беришкенин билдирген маалыматтар интернетке жарыяланган болчу. 

Ал эми бүгүн журналист кыз өмүрүнө коркунуч келтирген жарандын үстүнөн арыз жазгандыгын "Биринчи радионун" кабарчысы Талгат Бакиевге кабарлаган. Болуп өткөн окуянын келип чыгышы жана бейтаптын абалы, алгач иреет эмне себептен арыз жазуудан баш тарткандыгы жөнүндө төмөндөгү аудиодон кененирээк уксаңыздар болот. 

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"



Новости по дате