http://www.ktrk.kg/Ошто дарак кыйгандарга 40 миң сом айып салынды

Ошто дарак кыйгандарга 40 миң сом айып салынды

13 Нояб 2018 , 4:09 110

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарындагы тротуардын четинде өскөн дарактарды жашоочулар өзүм билемдик менен кыркып кетишкен. Мамэкотехинспекциянын Ош аймактар аралык башкармалыгынын башкы инспектору Асанбек Мамраимовдун айтымында, алар ким экени аныкталып, акчалай айып салынды. 

«Шаардагы Ю.Гагарин көчөсүндөгү дарактарды жашоочулар өз алдынча кыркып салышкан. Аларга 40 миң сомдук доо коюлду. Кыйылган дарактардын диаметри 30-40 см түзөт экен. Ал эми А.Навои көчөсү менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги дарактар текшерилип жатат», - деди А.Мамраимов.

Буга чейин Ош шаарындагы айрым көчөлөрдө дарактар кыйылып жатканы боюнча маалыматтар социалдык түйүндөргө тараган эле.

Новости по дате