http://www.ktrk.kg/ Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

13 Нояб , 13:27 570

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 13-ноябрда таңкы саат алтылар чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырымдарына кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, көчкүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тийиштүү техникалар тартылып, жеринде кар көчкүнү тазалоо чаралары жүргүзүлүүдө. Ушул күндөрү өлкө боюнча туруксуз аба ырайы сакталып, көпчүлүк аймактарда кар түшүп, абанын табы -10…-15° суук болуп жатат.

Новости по дате