http://www.ktrk.kg/ Балдар бактылуу болбосо баалуулуктар эмнеде?

Балдар бактылуу болбосо баалуулуктар эмнеде?

13 Нояб , 0:37 1046

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны жыл санап өсүп, ага жараша балдар үйү көбөйүп жатканын жарандык коомдун өкүлдөр байма-бай айтып келишет. 

Мындай көрүнүш айрыкча акыркы 3-4 төрт жыл ичинде байкалган. 

Бүгүнкү күндө республика боюнча интернат тибиндеги 145 балдар үйү бар. Анда 12 000ден ашык бала тарбияланып келет. Алардын ичинен 5% гана ата-энеси жок, томолой жетимдер болуп эсептелет. Калган 95% балдардын ата-энеси, атасы же апасы барлар. Жалпы санга интернат тибиндеги гимназия жана лицейлер да кирет, анда окуп, жашаган балдардын саны 5 миңге жакын. 

Президенттин аппаратынын алдында түзүлгөн жумушчу топ 3 айдын ичинде мына ушул балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы абалга анализ жасашкан. Анда балдар кандай себептер менен бул мекемелерге барып калганы талданып, түрдүү эл аралык донорлук уюмдардын Кыргызстанда балдардын укуктарын чектеген балдар үйүн жана интернат тибиндеги мекемелерди ачууга жол берген мыйзамдар да каралып чыкты.

























Новости по дате