http://www.ktrk.kg/Бугу-Эне-Багыш жаңы конушуна жарык тартуу пландалууда

Бугу-Эне-Багыш жаңы конушуна жарык тартуу пландалууда

14 Нояб 2018 , 5:01 1367

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын 1-май районуна караштуу Бугу-Эне-Багыш жаңы конушуна жарык тартуу пландалууда. Бул жактагы тургундар 12 жылдан бери караңгылыкта жашап, коомдук транспорттун жоктугунан балдар мектепке 1 саат жөө барып окуп келишет. 

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду менен биргеликте жаш лидерлер жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүү максатында бир ганча долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырууну көздөп жатышат. Бугу-Эне-Багыш жаңы конушунун элин 2019-жылы жарык менен камсыз кылуу алгачкы кадамдардан болмокчу. 

Бишкек шаарынын 1-май районуна караштуу Бугу-Эне-Багыш жаңы конушу 2006-жылы июнь айында өкмөттүн токтому менен калктуу конуш катары кабыл алынып, бюджеттик тармакта иштеген жана жерге муктаж болгон 1420 карапайым элге берилген. Андан бери 12 жыл өтсө дагы, конуштун тургундары караңгылыкта жашап келет. Бүгүнкү күндө алар жарыксыз, күн сайын тамак ашты эшиктеги очоко жасап, балдар сабактарын чырактын шамына окууга мажбур болууда. Таң эрте же кечкисин көчөдө басуу мүмкүн эмес. Окууга, жумушка баруу кооптуу, уруулук, зордук зомбулук да көп болоорун №14 Бишкек шаарынын биринчи май райондук аймактык башкармалыгынын башчысы Каныбек Калиев билдирди.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Алина Абасова, "Биринчи радио"


Новости по дате