http://www.ktrk.kg/Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу кардан тазаланып, жол ачылды

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу кардан тазаланып, жол ачылды

14 Нояб 2018 , 5:04 323

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган кардан Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырымына түшкөн көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Эске салсак, аталган жол тилкесине кечээ, 13-ноябрда таң эрте 6 миң метр куб көлөмүндө кар көчкү түшүп, жолду бууп калган. Аны тазалоого эки жүктөгүч жана бир бульдозер тартылып, түштөн кийин жол каттамы толук ачылган.

Новости по дате