http://www.ktrk.kg/Айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү ачылды

Айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү ачылды

14 Нояб 2018 , 15:47 755

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2018” агроөнөржай көргөзмөсү ачылды. Анда дүйнөнүн 20 мамлекетинен отуз компаниянын 100дөн ашык айыл чарба техникалары коюлган. Иш-чарага өлкөнүн дубандарынан келген айыл чарба продукциясын өндүргөн ишканалардын өкүлдөрү, адистер, дыйкан, фермерлер, жергиликтүү жетекчилер катышууда. Уюштуруучулардын пикиринде көргөзмө дыйкандарга заманбап айыл чарба техникаларын сатып алууга чоң мүмкүнчүлүк берет. 

Көргөзмө соңку алты жылдан бери өткөрүлүп келет жана бул аралыкта 3 миллиард сомдон ашык суммага айыл чарба техникасы берилди. Өкмөт тарабынан да дыйкан, фермерлер үчүн айыл чарба техникасын лизингге берүү максатында 1 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Көргөзмөгө Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышып, айыл чарба техникаларын кыдырып көрүп чыгышты.


Новости по дате