http://www.ktrk.kg/ЖЭБдеги чыгым 90 млн сомго жакындады

ЖЭБдеги чыгым 90 млн сомго жакындады

14 Нояб 2018 , 22:10 301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепетинен келип чыккан чыгым 90 млн сомго жакындады. Бул “Бишкек жылуулук тармактары” жана “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун гана материалдык зыяндары. Алдыда дагы Жылуулук электр борборунун модернизациясына алынган 386 миллион доллар насыянын коротулганы боюнча корутунду чыгаруу милдети турат.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек жылуулук борборунда орун алган кырсыктын кесепети мамлекетке келтирилген материалдык зыян менен гана чектелип калган жок. 5 күн бою борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей, ысык суу токтоп, шаар тургундары тууган-урук жана жакындарынын үйлөрүндө баш калкалашып, калаада кымгуут болгону белгилүү. Тиешелүү мамлекеттик органдар болсо млндогон суммадагы каражатка коромжу болгону бүгүнкү күндө так аныкталууда.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча буга чейин бир катар жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, анын алкагында эки премьер-министр, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчылары, парламент депутаты, Электр станциялары ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси, орун басарлары камалып, ЖЭБдин экс директору менен техникалык директоруна айып тагылган. Кырсыктын өзү боюнча кылмыш иши сотко өтсө, 386 млн доллар насыя боюнча тергөө амалдары улантылууда.


Новости по дате