http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбековго «КМШ катышуучу-мамлекеттеринин чек араларын бекемдөө үчүн» артыкчылык белгиси тапшырылды

Сооронбай Жээнбековго «КМШ катышуучу-мамлекеттеринин чек араларын бекемдөө үчүн» артыкчылык белгиси тапшырылды

15 Нояб , 10:45 826

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин 80 - мааракелик жыйынынын катышуучулары менен жолукту. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тышкы жана ички саясатындагы негизги маселелердин бири экендигин белгиледи. 

“Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңеши жалпы тарыхый тамырларыбызга, улуттук кызыкчылыктардын окшоштуктарына жана менталитеттердин жакындыгына таянып, чек ара салттарын жана жакшы саамалыктарын сактап гана калбастан, аны тереңдеткенине кубанычтамын”, - деди мамлекет башчысы. 

Глобалдуу дүйнөдө айрым процесстер КМШ өлкөлөрдүн биринде бейпилдикти бузууга жөндөмдүү коркунучтарды жана чакырыктарды калыптандырып жаткандыгы белгиленди. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде азыркы тобокелдердин коркунучун толук түшүнүү жана улуттук чек араларды, жалпы Шериктештиктин чек араларын коопсуз кылууга умтулуу бар. 

Мамлекет башчысы макулдашылган биргелешкен аракеттер болмоюн эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңги бизнесине, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө тиешелүү натыйжага жетише албайбыз, - деп баса белгиледи. Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин ишмердиги жамааттык иштерге зор мүмкүнчүлүк берет. 

Жолугушууда Кеңештин төрагасы, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара кызматынын башчы-директорунун биринчи орун басары Владимир Кулишов Кеңештин ишмердүүлүгү туурасында маалымдады. Ал Кеңештин 80-жыйынын жогорку деңгээлде уюштурганы жана меймандостугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди. Жыйындын күн тартибинин пункттары боюнча кыскача маалымат берди. Мамлекет башчысы чек ара боюнча өз ара аракеттенишүүнүн баардык багыттарында үзүрлүү диалогду колдоого даяр экендигин билдирип, Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңеши - Шериктештиктин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тармагында көп иштерди жасоо алдында турганын белгиледи. 

Жолугушуунун аягында Владимир Кулишов президент Сооронбай Жээнбековго “КМШ катышуучу-мамлекеттеринин чек араларын бекемдөө үчүн” артыкчылык белгисин жана мамлекет башчылары бекиткен “Шериктештик чек ара менен бекемделет” шарттуу белгисин тапшырды.


Новости по дате