http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар" долбоору 6 айдын ичинде иштей баштайт

"Коопсуз шаар" долбоору 6 айдын ичинде иштей баштайт

15 Нояб 2018 , 23:27 1339

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар" долбоору 6 айдын ичинде иштей баштайт. Ал эми программалык-жабдуу комплекстерин орнотуу 90 күндө жыйынтыкталат. Мындай келишим Маалымат технологиялары жана байланыш комитети менен “ВЕГА” компаниясынын ортосунда түзүлдү. Бишкектин район аралык соту аталган ишкананын тендерде утушка ээ болушун мыйзамдуу деп тапкан.


Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети менен “Вега” концернинин ортосунда “Коопсуз шаарды” ишке ашыруу боюнча келишимге 12-ноябрда кол коюлду. 


Орусиялык ишкананын жеңишин камсыз кылган тендер сентябрь айынын башында өтүп, бирок анын атаандашынын даттануусунун негизинде иш токтоп турган. Бишкектин район аралык соту “Веганын” пайдасына чечим чыгарып, компания өз ишин баштаганы турат. Кыргыз тарап ага тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Маселен видеожабдууларды орнотууда ар бир кесилиштер үчүн документтер даярдалышы керек.

Бардык орнотулган видеожабдуулар “Призма” системасына туташтырылат. Жогорку ылдамдыктагы интернеттин жардамы менен жолдордогу маалыматтар тиешелүу тарапка жеткирилип турат. Жалпы долбоорду Ички иштер министрлиги башкарат.





Новости по дате