http://www.ktrk.kg/Кочкордо «Хонда Одиссей» кырсыкка кабылды

Кочкордо «Хонда Одиссей» кырсыкка кабылды

16 Нояб , 11:36 431

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кочкор районунда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, жаракат алган айдоочу менен жүргүнчүлөр ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 13:25 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында (Сүттү-Булак тилкеси) катталган. 

Анда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. ӨКМдин куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жеңил жаракаттарды алган. Алар Кочкор райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.


Новости по дате