http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: тротурда жайгашкан кооптуу трансформатор

Элдик репортер: тротурда жайгашкан кооптуу трансформатор

16 Нояб 2018 , 17:10 724

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Арча - Бешик конушуна жакын Түштүк магистраль менен Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуарда жайгашкан жогорку чыңалуудагы трансформатор ары-бери өткөн адамдар үчүн коркунуч жаратууда.  

"Бул тротуарда жайгашкан трансформатор адамдар үчүн кооптуу. Мында үй да белгиленген чектен чыгып кеткендиктен, адамдар басууга бир аяк жол калган. Ар кандай кырсыктар болуп кетиши мүмкүн кудай сактасын. Тиешелүү энергетика кызматтарына кайрыларым, элдин коопсуздугу үчүн бул трансформаторду которуш керек. Элдин коопсуздугу үчүн которууга мыйзам да жол берет, көп болсо 4 кв метр жер кетет экен. Эрте которбосо өтө коркунучтуу", - деген пикирин билдирген видеонун автору. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате