http://www.ktrk.kg/Аргынбек Малабаевдин айыптоосу боюнча териштирүү өтөт

Аргынбек Малабаевдин айыптоосу боюнча териштирүү өтөт

7 Апр 2016 , 16:06 1420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өкмөттүн мекемелер аралык комиссиянын Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун реконструкциясы боюнча өткөрүлгөн тендердердеги кемчиликтери тууралуу корутундусун текшерип чыгуу көрсөтмөсүн берди.

 Мындан тышкары Мамлекет башчы министр Малабаевдин тендерге үчүнчү адамдардын, тагыраак айтканда унаа жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев менен «Лонг Хай» кытай компаниясынын өкүлдөрү башка адамдардын тымызын сүйлөшүүлөрү жөнүндөгү айыптоосун да карап чыгууну тапшырды. 

Эскерте кетсек, өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн Президентке мекемелер аралык комиссиянын министрликтин Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендерди текшерүүдөн кийинки бүтүмүнүн негизинде Аргынбек Малабаевди кызматтан алууну сунуш кылган. Комиссия жыйынтыгы боюнча жоопкерчилик Министрликтин алдындагы жол чарба Департаментине жана тендердик комиссияга жүктөлгөн.




Новости по дате