http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: "Жок дегенде совет убагынан калган бала бакчаларды жайына койгулачы..."

Элдик репортер: "Жок дегенде совет убагынан калган бала бакчаларды жайына койгулачы..."

19 Нояб 2018 , 10:45 103

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада бала бакчанын жетишсиздики жылдан жылга курч абалда калууда. Ар бир группага  60-70ке чейин балдар кабыл алынат. Ал эми өкмөт совет убагында курулуп, учурда жеке тараптарга өтүп кеткен бала бакчаларды кайра кайтарып албай убара. Совет убагында курулгандардын айрымдарын бузуп, башка имараттарды куруп алганга жетишкендер да бар. Жакында эле мындай окуяга күбө болгон Бишкек шаарынын тургуну биздин рубрикага кайрылган.

Бала бакча жетишпей, шаардын бир бурчунан экинчи тарабына таң атпай бала менен кыйналып каттоого туура келет. Ал эми акчасы көп чиновниктер жаныбызда жайгашкан бала бакчаны бузуп, ордуна үй курууда. Совет убагында курулган бул бакча  Жибек-Жолу көчөсүндөгү, "Кыргызфильм" студиясынын жанында жайгашкан. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате