http://www.ktrk.kg/Балдар дүйнөсүндө балкыган кесиптеш

Балдар дүйнөсүндө балкыган кесиптеш

19 Нояб , 0:16 433

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эми кезек кыргыз телевидениесинин 60 жылдыгына карата даярлган репортаждарда. Бүгүнкү каарманыбыз жыйырма үч жылдан бери эмгектенип келе жаткан таланттуу, тажрыйбалуу журналист Нарынбек Күрөңбаев.

Балдарга арналган Таалимтай көрсөтүүсү талантуу журналист Нарынбек Күрөңбаевдин сунушу менен 2014-жылы ачылып, КТРКнын эң мыкты долбоору болуп аталган. Ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлүүчү программада балдардын чыныгы жашоосунан алынып жаш бөбөктөрдү калыстыкка, чынчылдыкка үндөгөн күлкүлүү окуялар чагылдырылат. Өспүрүм кезинен эле чыгармачылыкка жакын болуп чоңойгон Нарынбек Күрөңбаев орус тилинен окуучуларга сабак берип, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган.

Кыргыз Мамлекеттик телерадио комитетине Нарынбек Күрөңбаев 1994-жылы келип, кабарчы болуп ишке кирген. Аны ошол таптагы жетекчи Абдиламит Матисаков жумушка кабыл алган. Алгачкы күндөн тартып “Ала-Тоо” маалымат борборунда иштеп,өзүнүн чымырканган эмгеги менен кесипкөйлүгүн көргөзүп чыгаан журналист катары элге таанылган. 

Кыргыз тили менен катар орус тилин да жакшы билгендиктен,эки тилде спорттук жаңылыктарды эфирге алып чыкчу. Кийинчерээк кырсыктап, ден-соолугу начарласа да анын жаңы идеялары менен эмгекчилдиги ага кубат берип турду. Котормочулукка басым жасап, сюжет, видеоматериалдарды эле эмес китептерди да жогорку деңгээлде байма-бай которо баштады. 

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып 2007-жылы “КТРКнын отличниги” төш белгиси андан 7 жыл өткөндөн кийин 2014-жылы КРдин Президентинин Ардак грамотасы берилген. Жумушка келсе кесиптештери, үйүнө барса 4 уулу менен өмүрлүк жары колдоп турганы үчүн Кудайга миң мертебе ыраазы.


Новости по дате