http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Көк-Жар жаңы конушундагы жөө жүргүнчүлөргө ылайыкталбаган трасса

Элдик репортер: Көк-Жар жаңы конушундагы жөө жүргүнчүлөргө ылайыкталбаган трасса

20 Нояб , 17:52 236

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына Көк-Жар жаңы конушунун тургундары жол куруу учурунда жолчулар унутта калтырып эми андан тургундардын жашоосуна келтирилип жаткан кооптуу жагдай тууралуу видеоматериал жиберишкен. 

Бул видеодо Достоевский деп аталган трасса. Өзүңүздөр көргөндөй, трасса абдан эле кенен. Иш күндөрү авто унаа үзүлбөйт. Эмнегедир жол салып жатканда жолчулар тарабынан райондогу тургундар эске алынбай калыптыр дагы жол чырагын орнотпой коюшуптур. Абдан кооптуу бирок айла жок жарым сааттап күтүп атып өтөбүз жолдун нары жак бери жагына. Ушул трассанын жээгинде электр түркүктөрү орнотулган дагы бирок жарык берилбей, электр лампалары жок түркүктөр эле турат. Качан эптеп эле жасамай токтотулат? - деп суроо салат окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате