http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Суук мектепте билим алган окуучулар

Элдик репортер: Суук мектепте билим алган окуучулар

20 Нояб , 17:54 254

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектептин жылуулугу былтыркы кыштан бери иштебей калган. Тиешелүү мекемелерге билдирүүлөр болгондон кийин, жылуулук түтүкчөлөрүн алмаштырууга мамлекеттен 5 400 000 акча каражаты которулган. Бирок ушул убакка чейин эч кандай жылуулук киргизүү аракети болгон эмес. Мындай маалыматы менен ата-энелер тобу биздин рубрикага кайрылышкан.

Былтыр которулган акча каражатын тендер өтпөй калды деген шылтоо менен ушул убакка чейин кармап атышат. Анын айынан мектепте жай айында ремонт иштери да болгон жок. Ал эми суукта үшүгөн балдарыбыз куртка кийип билим алууга аргасыз болуп жатышат.  


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате