http://www.ktrk.kg/Эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйдү

Эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйдү

21 Нояб 2018 , 14:02 1344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балдарды эмдетүүдөн баш тарткандар акыркы жылдары көбөйдү. Айрыкча өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күчөгөн. Деген менен быйыл Нарын облусунда да 300 го жакын ата-эне балдарын эмдетүүгө каршы чыгышкандыгын дарыгерлер билдиришүүдө. Муну айрымдары диний көз караш менен вакцианын курамында мусулманчылыкка арам кылынган нерселер аралаштырылган деген менен түшүндүрүшөт. 

Өлкө боюнча балдарына ийне сайдыруудан баш тарткандардын 70 пайызга жакыны диний көз караштагылар экени белгилүү болду. Өз кезегинде медиктер пландуу эмдөөлөр өз убагында жүрбөсө, көк жөтөл, сенек, тепки, сарык, шал оорулары менен жабыркагандар көбөйүп, калктын саламаттыгына доо кетире тургандыгын белгилешет. Эмне себептен эмдөөгө каршы чыгып жатышат? Буга дин өкүлдөрү кандай көз карашта? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате