http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Совет убагында тургузулган көпүрө учурда кооптуу абалда турат

Элдик репортер: Совет убагында тургузулган көпүрө учурда кооптуу абалда турат

21 Нояб , 15:57 201

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Совет убагында курулуп, учурда эскилиги жетип, калкка кооптуулук жараткан көпүрөлөрдү Кыргызстандын ар бир облусунан кезиктирүүгө болот. Алардын бири Майлуу-Суу шаарында жыгачтары чирип, ар жеринен тешилип араң турат.

Майлуу-Суу шаарынын Полуостров көчөсүнө алып өтчү көпүрө, учурда абдан кооптуу абалда турат. Айылдагы ойноок балдар тешиктерине түшүп кетеби деп сарсанаа болобуз. Айрыкча кыш мезгилинде тайгак болуп, анысы аз келгенсип баскан сайын солкулдап турат. Көпүрөнүн абалы тууралуу көп жерге кайрылдык, бирок жергиликтүү бийликтегилер да чечип берүүгө дарманы болгон жок.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате