http://www.ktrk.kg/ӨКМ: Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

ӨКМ: Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

26 Нояб 2018 , 9:45 637

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында жол тайгак. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү тоолуу аймактарга сапарга чыгып жаткан айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты сактап, унаанын кышкы дөңгөлөктөрү менен гана чыгууну жана унаада күрөкчө, чынжырча, аптечка сыяктуу зарыл буюмдарды алып жүрүүнү эскертет. Муну менен катар тоолуу аймактардагы каттамдарга кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Ал эми жолдордогу абалга кайрылсак, абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу республиканын унаа жолдорундагы кырдаал боюнча өкмөттө кеңешме өттү. Анда Премьер-министр жолдордо, айрыкча ашууларда түзүлгөн кырдаал мамлекеттик органдардан ыкчам жана өтө кардиналдуу чараларды талап кылат, - деди. 

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун маалыматы боюнча, бийик тоолуу тилкелерде катуу жааган кардын калыңдыгы 30дан 60 сантиметрге чейин жетип, бардык тартылган жол кызматтарынын аракеттерине карабастан, белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келген. Ал эми өкмөт башчы күч-аракеттерди мобилдештирип, жер-жерлерде бардык кызматтардын ишин активдештирүүнү тапшырды. Финансы министрлигине болсо унаа жолдорун тейлөө боюнча комплекстүү иш-чараларды каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү милдеттендирди. 

Мындан тышкары, жолду тазалоодо ротордук кар тазалоочу техниканы сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт башчы Талас облусуна болгон жумушчу сапарынан кайтып келе жатканда унаа тыгындары түзүлгөн тилкеде айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен сүйлөшкөн.

Новости по дате