Ысык-Көлдө 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
26 Нояб 2018 , 10:13
608
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында болгон жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды. "Нива" унаасында бара жаткан жубайлар сууга түшүп кетип, каза табышкан.
Окуя 25-ноябрда болгон. Каргашалуу жол кырсыгы болгондон кийин унааны суудан алып чыгып жаткан видеону окуянын күбөлөрү тартып алышкан.