http://www.ktrk.kg/Мыйзамсыз кирген дары-дармектер жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда

Мыйзамсыз кирген дары-дармектер жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда

26 Нояб 2018 , 12:42 1332

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанга мыйзамсыз кирген дары-дармектер жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу эксперттик топ маалымат жыйында билдирди. Алар дарыгерлер жазып берген мындай дары-дармектерди ичкен ооруулулар арасында өмүрү менен кош айтышкандар да бар экендигин мисал келтиришти. Мындан улам баш аламандыкты токтотуу үчүн адистер Саламаттык сактоо министрлигинен пайдасы жок дарылардын “кара тизмесин” түзүп, алардын өлкөн аймагына кирүүсүнө тыюу салууну талап кылабыз дешет. 

Министрликтен билдирилген маалыматтарга караганда, мыйзамсыз дарыларды сатып алууга өткөн жылы тыюу салынган. Бирок бул бюджеттен каражат каралып, сатылып алынган дарыларга гана тийиштүү. Көмүскө жол менен киргизилген дары-дармектерге дагы деле болсо кеңири жол ачылып келет. Адистердин айтууларында, мындан мурун өлкөгө кирген дары-дармектердин бирдиктүү базасы да иштелип чыккан. Жарандар дал ушул тизме аркылуу коопсуздугун камсыз кылса болот. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы “Биринчи  Радио”


Новости по дате