http://www.ktrk.kg/"Түнкү кырсык" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгы үчүн ат салышат

"Түнкү кырсык" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгы үчүн ат салышат

26 Нояб , 13:13 353

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Түнкү кырсык" тасмасы АКШнын "Алтын глобус" сыйлыгы үчүн ат салыша турган фильмдердин тизмесине кирди. Режиссёр Темир Бирназаровдун тасмасы "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча катышат. 

"Алтын глобус" — Голливуддагы чет элдик прессанын ассоциациясы тарабынан берилчү сыйлык. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын 6-январында белгилүү болот. "Түнкү кырсык" тасмасы "Кыргызфильм" киностудиясынын бекитилген чыгармачыл-өндүрүштүк программасына ылайык, 100 пайыз мамлекеттик каржылоосунда студиянын техникалык базасын пайдалануу менен тартылган. Фильмди тартууга 10 ай убакыт кеткен. 90 мүнөткө созулган тасмага 6 миллион сом сарпталган.

Новости по дате