http://www.ktrk.kg/Бүгүн Бишкектин айрым аймактарынды электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарынды электр жарыгы өчүрүлөт

26 Нояб 2018 , 6:34 3831

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Бишкектин ондон ашык көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Оңдоо иштерине байланыштуу 26-ноябрда борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө жарык убактылуу өчүрүлөөрүн "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди. 

Электр энергиясын берүү Дордой, Көк-Жар, Ак-Бата, Кара-Жыгач, Чоң-Арык, Ак-Ордо конуштарынын бир катар көчөлөрүндө жана Чыгыш автобекетинин айланасында үзгүлтүккө учурайт. Ошондой эле кичи райондордогу бир нече көп кабаттуу үйлөрдө жана Жамбыл, Тоголок Молдо көчөлөрүндө жарык жок болот. Аталган жерлерде электр энергиясы кечинде гана берилиши мүмкүн.


Новости по дате