http://www.ktrk.kg/Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны өстү

Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны өстү

26 Нояб , 7:05 530

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны өстү. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, акыркы эки күндө эле Бишкектеги бөлүмгө 700гө жакын бейтап кайрылган. Ага жаткырылган 219 адамдын 98нин абалы оор. Көпчүлүгү наристелер. 

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргендей, оорулуулардын санынын көптүгүнөн дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Ушул күндөрү ооруканадагы стационардык орундар толгон, ар бир бөлүмдө 40тан 54кө чейин адам жатат. Басымдуусу сасык тумоодон дарыланган балдар.

 Республикалык оорукананын бөлүмдөрүндө дарылангандардын саны көп болгондуктан, оорунун алгачкы белгилери байкалган учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып, алардын жолдомосунун негизинде гана ооруканага кайрылуу зарылдыгын эскертишет адистер.

Новости по дате