http://www.ktrk.kg/Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

26 Нояб , 13:03 266

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 26-ноябрда таңкы саат 5:18де Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жердин силкинүүсү Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 балл, Эркеч-Там, Нура айылдарында 4 жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилди. Алдын-ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Новости по дате