http://www.ktrk.kg/Уюлдук телефондун жарылуусунан жабыркаган баланын абалы учурда туруктуу оор

Уюлдук телефондун жарылуусунан жабыркаган баланын абалы учурда туруктуу оор

26 Нояб , 16:25 430

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдө 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефону жарылып, ал ооруканага жаткырылды. 

"Бала ишемби күнү кечинде келип түштү. Учурда абалы туруктуу оор. Денесинин 30 пайызы күйүк калган. Эми палатага которулду", - деп билдиришти дарыгерлер. 

Жабырлануучунун айтымында, апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп бүткөндөн кийин уюлдук телефону жерге түшүп кеткен. Аны алып, сол чөнтөккө салганда ал жарылган. Өспүрүм бала "Nokia" үлгүсүндөгү телефонду колдонуп жүргөн.

Новости по дате