http://www.ktrk.kg/Шаардын тазалыгына кам көргөн жарандар эмнеге нааразы?

Шаардын тазалыгына кам көргөн жарандар эмнеге нааразы?

26 Нояб , 18:36 234

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы «Тазалык » ишканасынын айрым кызматкерлери айлык-акыны жогорулатып, иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү талап кылышууда. Биринчи май районунда жайгашкан аймактардын тазалыгына кам көрүп, таңкы 5 тен тартып, түнкү 10 чейин иштеген кызматкерлер үчүн эмгек акы адилетсиз бөлүштүрүлүп жаткандыгын маалымат жыйынында билдиришти. 

Алар Бишкек шаарынын башка райондорунун кызматкерлерине караганда 2 эсеге аз акча алышаарын айтышат. Тийиштүү шаймандар да жетишсиз. Район жетекчилиги болсо алардын дооматы негизсиз экендигин айтат.  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате