http://www.ktrk.kg/Ички миграция тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Ички миграция тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

26 Нояб , 22:22 231

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азамат үй-бүлөсү менен баш калаада жашап жатканына бир жылдан ашты. Өздөрү Жалал-Абаддан, уулу Бишкекте төрөлгөн, бирок шаарда каттоого алынбагандыктан баласын ооруканага эсепке коюу, аялын кароодон өткөрүү сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп келет. Үй-бүлөдө өзү жалгыз иштеп, каттоосу жоктугунан баласына мамлекеттен жөлөк пул да алышпайт. 

Азамат сыяктуу жакшы жашоо издеп, аймактардан чоң шаарларга конуш которгондор көп. Басымдуусу борбор калаада турак жайга ээ болбогондуктан каттоого тура албай, бир катар социалдык тоскоолдуктарга туш болуп келишет. Алар билим алуу, дарылануу сыяктуу бир катар социалдык кызматтардан шаардын тургундары менен бирдей укукка ээ эмес. 

Расмий маалыматтарда Бишкекте 420 миң киши каттоого алынган. Бирок баш калаада туруктуу жашагандардын саны миллиондон ашаары айтылып келет. Каттоонун жоктугунан Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынан пайдалана албай келе жаткан жарандардын маселесин чечүү үчүн мыйзам долбоору даярдалып, ал эксперттердин талкуусуна коюлду.
“Ички миграция” мыйзам долбоору аркылуу авторлор жарандарды жашаган жеринде каттоого алууну сунуштап жатышат. Автоматташтырылган тутум кыргызстандыктарга каттоо кызматынын сайты аркылуу кайсыл даректе жашаса, ошол үйгө каттоого туруусуна шарт түзөт. Документ ошондой эле электрондук өкмөткө өтүү жана коомду санариптештирүү жараянын тездетет. 

Мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик органдар кайсыл аймакта канча жашоочу жашаары тууралуу так маалыматка ээ болушат. Бул өз кезегинде бюджеттик каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө жардам берет - дешет долбоордун демилгечилери. 




Новости по дате