http://www.ktrk.kg/Төө-Ашуудагы унаа тыгынына жолдордун өз убагында тазаланбаганы себеп болду

Төө-Ашуудагы унаа тыгынына жолдордун өз убагында тазаланбаганы себеп болду

26 Нояб , 22:34 198

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү билдирди. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги болсо жол тазалоо иштери кечикпей жүргүзүлгөнүн, кар калың жаагандыктан кыйынчылык жаралганын билдирүүдө. Ошондой эле айдоочуларды эрежени сактоого чакырат. 

Жыйырма төртүнөн 25-ноябрга караган түнү Төө-Ашууда 8 саатка созулган автотыгын болгону кабарланган. Мунун себебин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да, Жол кыймылын көзөмөлдөгөн мекеме да андагы жолдордун өз убагында тазаланбаганы, кум себүү иштеринин кечеңдегени менен байланыштырат.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги болсо кар тынымсыз жаагандыктан тазалоо иштеринде кыйынчылыктар жаралганын билдирүүдө. Мекеме ошондой эле айдоочулардын эрежени сактабаганы да автотыгынга кошумча себеп болду деп эсептейт. Төө-Ашуудагы түйшүктүү абал маал-маалы менен 3 күн бою уланды. Таластан Бишкекке кайтып келатып, айрым көрүнүштөргө премьер-министр да күбө болгон. Унаа жолдордогу кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлүп, өкмөт башчысы негизги тилкелердеги жолчулардын аракеттерин жетишсиз деп баалаган. 

Кеңешмеде Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов айрым тилкелерде ишти тиешелүү деңгээлде жүргүзүүгө техника жетишсиз болуп жатканын билдирген. Өкмөт башчысы Каржы министрлигине унаа жолдорду тейлөө боюнча каржылоого байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү тапшырган. Жолдордогу абалга жергиликтүү бийликтер да көңүл бурушу керек. Тиешелүү мекемелер учурда Төө -Ашуудагы абал жөнгө салынганын билдирди.


Новости по дате