http://www.ktrk.kg/Баткен: көчөбүз жаңырып калды

Баткен: көчөбүз жаңырып калды

26 Нояб 2018 , 22:52 783

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстан менен чек арадагы Баткен районунун Таян айылында бир чакырым ички жол асфальтталды. Ал пайдаланууга берилип, жергиликтүүлөрдүн маселеси жеңилдеди. Ошол эле учурда көчөлөргө түнкү жарыктандыруу да орнотулду. Аткарылган иштер мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып, жалпысынан 4 млн. 800 миң сом жумшалган.

Чек арадагы Таян айылын тең экиге бөлгөн борбордук көчө жазгысын чаң ызгып элди жүдөтсө, кышкысын ылай болуп, жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Аңкыр-чункур жолдун айынан айдоочулар күн сайын унаа тетиктерин алмаштырып чарчаган. Эми элеттин мындай көйгөйү артта калды. 

Ушул жыл ичинде аталган айылдын борбордук көчөсүн асфальттоо иши башталган. Ага мамлекеттик бюджеттен 3 млн. сом каражат бөлүнүп, жыл аяктабай жумуш аткарылып, бир чакырым жол пайдаланууга берилди. Аны менен катар, жол боюнча түнкү жарыктандыруу орнотулду. Кылмыштуулукту алдын алуу максатында 1,5 чакырымга тургузулган чырактар жалпысынан 1млн 800миң сомду түздү. Бул сумма жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган. 

Деген менен ички жолдорду оңдоо маселеси толук чечилген жок дешет жашоочулар. Анткени, аталган бир чакырым жолдон сырткары да оңдоого муктаж көчөлөр бар. Ал эми жергиликтүү бийлик алдыда бул маселе да каралаарын билдирди. Чек ара статусуна ээ болгон Таян айылында учурда миңден ашуун калк жашайт. Ал Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешет.

Новости по дате