http://www.ktrk.kg/Маргарита Булатова көгүлтүр экрандын көркү эле...

Маргарита Булатова көгүлтүр экрандын көркү эле...

26 Нояб , 14:36 306

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын 60 жылдыгынын урматына арналган "КТРКнын легендалары" рубрикасынан көрсөтүүбүздү улантабыз. Бул жолку каарманыбыз Кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон таланттуу диктор Маргарита Булатова болмокчу. Көп жылын өзүн сүйгөн кесибине арнап, мындан 18 жыл мурда дүйнөдөн кайткан эң мыкты диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Маргарита Булатова тууралуу кийинки эскерүүдө.

Ажары жанган келишимдүү келбеттин жана кубулжуган тунук үндүн ээси Маргарита Булатова Кыргыз телерадиосуна жаш кезинде эле келген. Жумушка кирген алгачкы күндөн тартып өзүнүн ишке болгон кесипкөйлүгүн, чеберчилигин, иш билгилигин көрсөтүп көгүлтүр экрандын көркүн ачкан. Чырайлуу жүзү, уккулуктуу керемет үнү менен ал өлкөдөгү маанилүү жаңылыктардан тартып, маданий программаларга чейин ийине жеткирип, жогорку деңгээлде алып барып жүргөн. Мисалы “Бүгүн кечинде”, “Музыкалык жолугушуу”, “Кино кечеси” сыяктуу көрсөтүүлөрү али күнчө элдин эсинен кетпейт

Булатованын эмгеги телевидениеге эле эмес, радиого да өтө сиңген. Анын “Мелодия”, “Сиздер билесиздерби”, “Табышмак новеллалары” сыяктуу укмуштуудай кызыктуу музыкалык көңүл ачуучу программаларды эң жогорку чеберчиликте алып барганын унутууга эч болбойт. Ал Кыргыз телерадиосунун эң чоң табылгасы болгондугун эч ким тана албай дейт кесиптештери. Чымырканган эмгек гана максатка жеткирерин Маргартита Булатова жакшы билчү. Өзүнүн бай тажрыйбасын,терең билимин жаштарга арнап, аларга алып баруучулуктун сырларын, чеберчилигин үйрөтүп кетти. Анын жолун улаган шакирттери учурда өлкө аймагындагы бир катар телеканалдарда татыктуу иш алып барышууда.


Новости по дате