http://www.ktrk.kg/Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

26 Нояб , 22:46 590

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык эки альпинист Сергей Селиверстов менен Михаил Даничкин үч миң метрден жогору бийиктикти багындырып, ал жерге Кыргызстандын мамлекеттик желеги менен Айтматов чокусунун көрнөк тактайчасын орнотушкан. Альпинисттердин Кабардино-Балкарияга болгон сапары мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун колдоосу аркылуу ишке ашты.

Кыргызстандык альпинисттер ушул айдын ортосунда Кавказ тоолорунан 3 миң метрден ашуун бийиктикти багындырып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтырышты. Спортчулар жылдын жылуу мезгилинде ар бир дени сак адам чыга ала турган жолду тандашкан. Аталышы жок тоого дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусунун атын берүү демилгеси эки тараптан колдоого алынган. Маршрут татаал эмес, бирок узундугу 16 чакырымдан ашат. 

Тарыхый жүрүшкө спортчуларды Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев 13-ноябрда Кыргызстандын туусун, Айтматовдун тактасы жана акча каражатын тапшырып узаткан. Быйыл дүйнөгө атагы таанылган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси өлкө аймагында гана эмес дүйнөнүн көп мамлекеттеринде түрдүү иш-чаралар аркылуу белгиленип жатат.


Новости по дате