http://www.ktrk.kg/Абылгазиев Беларусиянын агрардык өнөр жай холдингинин өндүрүштүк аянтын көрүп чыкты

Абылгазиев Беларусиянын агрардык өнөр жай холдингинин өндүрүштүк аянтын көрүп чыкты

27 Нояб , 14:11 210

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында "Агрокомбинат "Дзержинский" агрардык өнөр жай холдингине барып, 18 миң гектар айыл чарба жери бар, негизги ишмердиги канаттуулардын этин өндүрүү, аны кайра иштетүү жана сатуу болуп саналган Дзержинск районунун эң ири ишканасынын өндүрүштүк аянтын көрүп чыкты. Холдинг ошондой эле, ири мүйүздүү малды өстүрүү, багбанчылык, көлмө балыктарын көбөйтүү, кошумча тоют жана белоктук-витаминдик кошулмаларды чыгарат. 

Агрардык комбинат Беларусь Республикасында чыгарылган канаттуулар этинин продукцияларынын 20 пайызын өндүрөт. Инкубаторлордун өндүрүштүк кубаттуулугу - жылына 56 миллион жумуртка берет. Сүт берүүчү малдын башы 5 миңге жакын. Эгиндин жана жүгөрүнүн дүң жыйымы – 49 миң тонна. Ишкананын автотрактордук паркында 350 даана заманбап техника бар.


Новости по дате