http://www.ktrk.kg/Кара-Сууда окуучулар массалык түрдө мушташты

Кара-Сууда окуучулар массалык түрдө мушташты

27 Нояб , 10:04 374

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Сууда мушташка аралашкан 30 дай мектеп окуучусу кармалып, териштирүү башталды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, 22-ноябрга караган түнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу жаш балдардын тобу мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Милиция окуя болгон жерге барып, 31 окуучуну кармаган. Алар Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл аймактарынын 10-11-класстарынын окуучулары экендиги аныкталган. Мушташ учурунда 15 жаштагы окуучу денесинин көп жеринен миздүү нерседен жаракат алган. Ал дароо Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экендиги айтылууда. Ал эми окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, тиешелүү мекеменин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды.


Новости по дате