http://www.ktrk.kg/Бишкекте жаңы жылдык мыкты жасалга үчүн сынак жарыяланды

Бишкекте жаңы жылдык мыкты жасалга үчүн сынак жарыяланды

27 Нояб , 23:57 258

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек мэриясы жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады. Муниципалитет уюштурган бул сынак 1-декабрдан тарта 31-декабрга чейин уланат. Жалпы жети аталыш боюнча ат салыша турган сынактын жеңүүчүсү 100 миң сом сыйлык алат.

Жаңы жылга бир айдан ашык убакыт бар, а бирок дүкөндөрдөгү кооз жаңы жылдык жасалгалар сатып алуучуларды өзүнө тарта баштады. Түстүү шарлар, кагаздан жасалган кар, аяз ата, түркүн түскө боелуп, жанган балатылар - ар кимдин табитине жана капчыгына жараша. Борбор калаа акырындап майрамдык дүрбөлөңгө түшүп, эл өз үйлөрүн жасалгалоо үчүн дүкөн текчелериндеги болгон буюмдарды сатып ала башташты. Себеби мыкты жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыяланды.Сынактын жалпы байге фонду - миллион сом. Бул мурдагы жылга караганда беш эсе көп. Эми жаңы конуштардын жашоочулары да катышса болот, алардын эң мыктысы 20 мин сом алат. Ал эми мыкты кооздолгон район номинациясын жеңгендер — 50 миң сом сыйлык алат. Ошондой эле 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана "Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!" темасында өздүк фото сүрөттөргө сынак жарыяланат. Эмгектерин шаар тургундары "Бишкек-312" мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтө алышат. 

Сынактын жеңүүчүлөрүн муниципалитеттин бардык түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия аныктайт. Анын жыйынтыгында, жаңы жылдык жасалгалоо боюнча 21 уюм, ал эми видеотасма үчүн 30 адам же топ сыйлык алат.



Новости по дате