http://www.ktrk.kg/Улуттук банк эсептик ченди 4,75 пайыз деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 4,75 пайыз деңгээлинде калтырды

27 Нояб 2018 , 17:32 1002

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул бүгүнтөн тартып күчүнө киргенин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди. Ага азык-түлүк товарларына баанын турктуулугу. Экономиканын көпчүлүк секторлорунда өсүүнүн байкалганы себеп болгон. Эске сала кетсек ушуну менен акыркы 3 айдан бери Улуттук банк эсептик ченди 4,75 пайыз ченинде сактап келүүдө. 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында өлкөдө бүгүнкү күнгө карата инфляция 0,2 пайыз болду. Анын төмөн чекте сакталышына ички товардык өндүрүм, иморттолуп алынган азык-түлүк товарларынын жетиштүү сунушталышынан улам, аталган товарларга баанын төмөндөшү түрткү берген. Божомолдор боюнча жылдын аягына чейин 2 пайыз болуусу күтүлүдө.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио" 



Новости по дате