http://www.ktrk.kg/Минск шаарына Чыңгыз Айтматовдун эстелик белгиси  орнотулду

Минск шаарына Чыңгыз Айтматовдун эстелик белгиси орнотулду

27 Нояб , 16:32 197

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Белоруссиянын борбору Минск шаарындагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн сейил бакта кеменгер ойчулдун аты чегилген эстелик белгиси салтанаттуу ачылды. Бул иш-чарага Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.


Ошону менен бирге Белоруссиянын жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, элчилер жана жөн гана окурмандар келди. Эске салсак, быйыл май айынын соңунда Минск шаарынын борбордук сейил бактарынын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген. 


Кеменгер ойчулдун ысымындагы бак-дарактуу, кооз жаратылышы менен айырмаланган сейил бак Минск шаарынын тургундарынын гана эмес меймандардын да сүйгөн жайы. 

Муну кеменгер ойчулдун ысымы чегилген эстелик белгинин ачылышына агылып келгендерден эле байкаса болот. Залкар жазуучу орошон таланты, чыгармалары аркылуу элдердин ортосундагы достуктун данакери боло алды. Айтматов атындагы сейил бактагы жазуучуга арналган эстелик белгини эки өлкөнүн Премьер-министрлери салтанаттуу ачышты. 



Новости по дате