http://www.ktrk.kg/Токмок шаарында өндүрүш ишканаларынын кубаттуулугу жогорулап, экспорттук дарамети өсүүдө

Токмок шаарында өндүрүш ишканаларынын кубаттуулугу жогорулап, экспорттук дарамети өсүүдө

27 Нояб 2018 , 22:24 601

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Токмок шаарындагы бир катар өндүрүш ишканаларынын кубаттуулугу жогорулап, экспорттук дарамети өсүүдө. Калаадагы текстиль буюмдарын өндүргөн фабрика 1 миллион доллардан ашык каражатка жаңыланса, “Каз-Грейн” ишканасынын алдында макарон азыктарын чыгаруучу комплекс ачылды. Өндүрүш ишканаларынын ишмердиги менен бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, өлкөдө өндүрүш канчалык көп болсо, жумушчу орундар ошончолук арбын болуп, мекендештерибиз үйлөрүн таштап, акча табуу үчүн сыртка кетпейт эле деген пикирин билдирди.

Жип ийрүүчү жабдык адистердин көзөмөлү менен минтип бир күн кечке тыным албай иштейт. Бул текстиль буюмдарын өндүрүүчү ишкананын ири цехтеринин бири. Кайра иштетилип келген жүн жана пахтадан заманбап техниканын жардамы менен даяр жибек жип чыгат.
Биздин фабрика 1977-жылы түптөлгөн. Быйыл иштеп жатканына 40 жылдан ашты. Чийки зат жергиликтүү фермерлерден, ошондой эле чет мамлекеттен келет, аны кайра иштетип жиптин жана токулган буюмдарынын түрүн чыгарабыз. 

Биз азыр көргөндөй ишкананын ичинде ири цехтерден үчөө бар. Анын биринчисинде жүн тазаланып, кайра иштетилсе, экинчисинде жип даядалат. Ал эми үчүнчү чоң цехте кийимдерди тигүү, үтүктөө жана таңгактоо иштери жүргүзүлөт. 

Өндүрүлгөн продукциянын 55 пайызы жергиликтүү базарга кетет. Калганы Орусия, Казакстан, Өзбекстан, АКШ жана Монголияга экспорттолот. Ишканада Меринос коюнун жүнү бренд катары колдонулат жана ага суроо талап да жогору.
Президент өндүрүш ишканасынын бардык цехтерин көрүп чыгып, чыгарылган продукция менен таанышты. Буга чейин ишкананы жаңылоо үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 1 млн 100 миң доллар насыя бөлүнүп, ага Германиядан жаңы трикотаж үчүн токуучу машиналар алынган. Өлкө башчысы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен мындан ары дагы кызматташып, өндүрүштү модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.
Учурда ишканада 630 адам эмгектенет, Бишкек шаарындагы эксперименталдык цехте 75 адам иштейт. Бардыгы болуп 705 киши жумуш менен камсыз болгон. Сооронбай Жээнбеков өлкөдө өндүрүш канчалык көп болсо, жумушчу орундар ошончолук арбын болот жана мекендештерибиз үйлөрүн таштап, акча табабыз деп сыртка кетпейт эле деген пикирин билдирди. Мамлекеттик саясат азыр жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга көмөк боло турган ишкерлерди колдоого багытталганын, андыктан өлкөнүн каржы институттарынын бардык ресурстары айылды өнүктүрүүгө жана аймактарда ишкерликти колдоого бурулуп жатканын билдирди.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражатынан Токмоктогу макарон азыктарын чыгаруучу “Каз-Грейн” ишканасы да пайдаланган. Ишкана 2011-жылы түптөлүп, 250 тонна буудай өндүрүп, 3 сорттогу унду чыгаруучу тегирмен ишке кирген. Быйыл болсо кесменин 5-6 түрүн чыгаруучу макарон азыктарынын комплекси ишке берилди. Фонддон 5 млн 741 миң доллар насыя берилген.
Жаңы жабдыктын кубаттуулугу- айына 1800 тонна макарон азыктарын чыгарат. Ишкана азырынча Кыргызстанды толугу менен камтып жатат, кийинки жылы продукциясын экспортко чыгарууну пландап жатат. Комплексте 50дөн ашуун киши жумуш менен камсыз болгон. Өлкө башчысы аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды ачкан жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздаган ишкерлер өлкөдө эң сый-урматка ээ болгон жарандардан болушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. 


Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жыл башынан бери бул өндүү ири ишканаларды, ошондой эле чакан жана орто бизнести каржылоону улантып келе жатат. Жетекчинин айтымында, артыкчылыктуу багыт- агроөнөр жай тармагы болмокчу.
Жумуш сапарында Президент Сооронбай Жээнбеков реконструкцияланган “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасын да көрүп чыкты. Бул жерде шаардагы мамлекеттик, медициналык жана билим берүү мекемелерин жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жаңы буу казандары, химиялык агрегат жана башка жабдуулар орнотулган.
Аймактарда жаңы ишканаларды ачуу же ири өнөр жай өндүрүштөрүн жаңылоо процесстери жыл башынан бери активдүү жүрүүдө. Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, дегеле өлкө экономикасын көтөрүүгө мындай ири долбоорлор чоң көмөк болору белгиленип келет. Анын бир мисалы катары Токмок шаарындагы өндүрүштү жана анын өнүгүп жатканын айтсак болот.



Новости по дате