http://www.ktrk.kg/Чыңгыз Айдарбеков: "Европа Биримдиги менен кызматташуу тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты"

Чыңгыз Айдарбеков: "Европа Биримдиги менен кызматташуу тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты"

27 Нояб 2018 , 22:55 489

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Брюсселдеги Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кызматында мүчө мамлекеттердин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы саясат мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу болду. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, Европа Биримдиги менен болгон кызматташтык Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт катары эсептелет.

Евробиримдиктин курамындагы мамлекеттер менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин ургаалдуу жолугушуусу бир жумага созулду. Жыйында ар тараптуу кызматташуу жөнүндө иштиктүү маселелер көтөрүлдү. Министрлердин 14-жыйынында бардык тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Евробиримдик менен кызматташууну Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнүн шартына карап аныктай турган болду. Ошондо, ар бир мамлекет кызматташуу стратегиясын сунуштай алат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы иштер жана саясат коопсуздугу боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини борборазиялык журналисттер менен жолугушууда билдирди. 

Ошондой эле, Могерини кезектеги жыйында Афганистанда тынчтыкты куруу багыттары жана өзөктүү куралды жайылтууга каршы биргеликте аракеттенүү жөнүндө да сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. Евробиримдик Иран менен ядролук энергетика боюнча түзгөн бүтүмүн ишке ашырууда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн колдоосуна таянат.
Биримдиктин жогорку өкүлү эмдиги жылы Европа Биримдиги Борбордук Азия менен кызматташуу багытында жаңыланган стратегияны кабыл алат, - деп айтты. Бул документ узак мөөнөттүү жана эки тараптуу кызматташууга кепилдик берет. 

Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташуу келишими жаңыланат. Бул маселе боюнча бир чечимге келүү үчүн тараптар беш жолу жыйын өткөрдү. Кеңейтилген келишим 3 багытта иштелип чыгууда - мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, экономикалык жана тармактар аралык кызматташтык. Буга чейинки кызматташуудагы талаш жараткан маселелерге чекит коюу максатында тараптар декабрь айында Евробиримдиктин кеңешинде дагы жолуга турган болушту.
Министрдин айтымында, Евробиримдик билим берүү, энергетика, гидроэнергетика, укук үстөмдүгү, айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоп жатат. 

Жыйын жемиштүү болуп, эл аралык мааниге ээ болгон бирдиктүү расмий билдирүү кабыл алынды. Ал “Европа Биримдиги - Борбордук Азия - келечектеги инклюзивдик өнүгүү багытында биргеликте иш алып баруу, туруктуу кызматташуу жана өнөктөштүктү бекемдөө” деп аталды. Евробиримдик менен Борбордук Азиянын министрлеринин кийинки жолугушуусу 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда өтө турган болду.


Новости по дате