http://www.ktrk.kg/Социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн кыргыз хатикосу

Социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн кыргыз хатикосу

27 Нояб , 23:22 725

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шаар көчөлөрүндө тез жардам унаасынын артынан ээрчиген ит социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Алгач тез жардам алып кеткен ээсин эрчиди деген маалымат тараган эле. Кийинчерээк жаныбар тез жардам унаасын айдаган айдоочунун үйрөтүп алган ити экени аныкталды.

Ит кожоюну Майрамбекти жумушка келгенде куйругун шыйпаңдатып, тосуп алат. Ээсине чоочун кишини жолотпойт. Эгер бирөө катуураак сүйлөсө ырылдап, жаныбардын ачуусу келет. Иттин ээсине болгон сүйүүсүн эске алып, белгилүү Хатиконун атынан коюшкан.
Хатико мындан төрт жыл мурда ташталган ит эле. Күчүк кезинде катуу ооруп калат. Майрамбек үйүнө алып барып, бир жума тамагын даярдап, дарылап, айыктырып коёт. Адамдын кылган мындай жылуу мамилесин ит баласы өмүр бою унутпай турган болду. Үч жылдан бери кожоюнуна болгон сүйүүсү артып келет.
Короодо Хатикодон башка дагы иттер бар. Бирок ал баарынан өзгөчө. Ээси Майрамбекти жанынан артык көрөөрү көрүнүп, сезилип турат. Азыр чыкса ээрчийт бекен деп, унааны атайылап сыртка айдатып көрдүк. Жаныбар заматта чуркап келип, ээрчип жөнөдү. Ээсин башка иттерден кызганабы, айтор аларга да ызырынып коёт.

Майрамбек кайда барбасын ити ээрчийт. Түштөнүү убагында ашканага да кирүүгө чамасы бар. Бирок иттерге ал жакка кирүүгө болбойт.
Соцтармакта кыргыз Хатиконун саатына 40 чакырым ылдамдыкта унаанын артынан чуркап бара жаткан видеосу тарап, көпчүлүктүн көңүлүн жылытты. Видеону колдонуучулар бөлүшүп, ага жардам берүүгө даярмын дегендер да чыкты. Шаардык тез жардам кызматынын жетекчиси Егор Борисов өзүнүн твиттер баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды: Ит үч жылдан бери айдоочу ээсинин артынан ээрчип чуркайт. Ага тыюу салып, байлап коё албайбыз. Сүйөбүз жана эч кимге бербейбиз.
Майрамбек Насирдинов Нарын облусунда төрөлгөн. 3 баланын атасы. Тез жардам кызматында 5 жылдан бери иштейт. Ал уул-кыздарынан сырткары багып алган итин да жанынан артык көрөт.


Новости по дате