http://www.ktrk.kg/Өлкөнүн акча базарында сомдун куну туруктуу

Өлкөнүн акча базарында сомдун куну туруктуу

28 Нояб 2018 , 11:17 709

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн акча базарында сомдун куну туруктуу. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, жыл башынан бери сомдун куну чет элдик валюталарга салыштырмалуу кескин арзандап же кымбаттоосу байкалган жок. 

Ноябрь айында башкы банк 25,6 миллион доллар сатып алган. Ал эми 11 айда 8 ирет интервенция жасалган. Улуттук банк 27-ноябрда 1 долларды 69 сом 85 тыйын деп баалады. Акча алмаштыруучу жайларда 1 доллардын баасы орточо 69 сом 80 тыйындан сатып алынып, 69 сом 91 тыйындан сатылууда.

Новости по дате